20 жыл кызмат өтөгөн аскер кызматкерлер мамалекет берген үйдү менчиктештире алат. Мыйзамга кол коюлду

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексине, “Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамына кол койду.

Мыйзам 13-мартта Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Мыйзамдын максаты 20 жыл жана андан ашык кызмат өтөгөн аскер кызматчыларынын аларга берилген кызматтык турак жайды менчиктештирүүгө мамлекет кепилдеген укугун ишке ашыруу болуп саналат.

Мыйзамдын 1-беренеси менен Турак жай кодексинин 59-беренесинин 1-бөлүгү кошумча пункт менен толукталды, ага ылайык кызматтык турак жайларды менчиктештирүүгө өзгөчө учурларда, анын ичинде 20 жана андан ашык календардык жыл кызмат өтөгөн аскер кызматчыларына тикелей сатуу жолу менен жол берилет. Ошол эле учурда мыйзамдын 2-беренеси менен “Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө” мыйзамдын 12-беренесине төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилди:

– 12-беренесинин он үчүнчү бөлүгү жаңы редакцияда баяндалды, ага ылайык запаска же курагы, ден соолугунун абалы, штаттардын кыскарышы же үй-бүлөлүк жана башка маанилүү жагдайлар боюнча отставкага чыккан жана 20 жана андан ашык календардык жыл кызмат өтөгөн аскер кызматчыларына, ошондой эле аскер кызматынын милдеттерин аткарууда курман болгон же каза болгон аскер кызматчысынын үй-бүлө мүчөлөрүнө жашап жаткан тандаган жери боюнча алар ээлеген же аларга берилген кызматтык квартиралар жеке менчикке акысыз өткөрүп берилет.
– 12-беренеси кошумча бөлүк менен толукталды, ага ылайык 20 жана андан ашык календардык жыл кызмат өтөгөн аскер кызматчылары аларга берилген кызматтык квартираларды тикелей сатуу жолу менен менчиктештирүүгө укуктуу.