Эртең, 20-октябрда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде, Чүй облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаайт.
Чүй, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө, Ош облусунун дыйканчылык зонасында жана Талас, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз жаан-чачын болбойт.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0…+5, күндүз +14…+19,
Талас облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +9…+14,
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +3…+8, күндүз +14…+19,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +10…+15,
Нарында түнкүсүн 0…+4, күндүз +6…+11.
Бишкек шаарында жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +2…+4, күндүз +11…+13 градус болот.