«Автобустарда жүрүү үчүн карточка алып, накталай эмес 17 сомдон төлөмгө өткүлө. 20 сомдон накталай төлөгөн акчаңар автобазанын эсебине толук түшпөй жатат. Эгер бул көрүнүш улана берсе, 4-5 жылдан кийин азыркы жаңы автобустар дагы мурдагыдай автобустардын мүрзөсүнө айланат. Себеби, запастык бөлүктөр өз убагында алып келинип турбаса, оңдоо иштери өз убагында жүргүзүлбөйт. Баш аягы шаарды 1500 автобус тейлейт. Ушул автобустар сиздердин өзүңөрдүн эле акчаңарга сатылып келгенин унутпагыла.
Канатбек Исаев 4-декабрга чейин камакта калтырылды
Жогорку Кеңештин экс-депутаты Канатбек Исаевдин бөгөт чарасы каралып, 4-декабрга чейин камакта калтырылды. Мындай чечимди Октябрь райондук соту чыгарды. Исаев №1 тергөө...