2021-жылы Кыргызстанга 540 мекендешибиздин сөөгү жеткирилген

2021-жылы Кыргызстанга 540 мекендешибиздин сөөгү Жүк-200 менен жеткирилген. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында тышкы иштер министринин орун басары Азиз Мадмаров билдирди.

Анын айтымында, Жүк-200 ташууну уюштуруу жана өлкөгө жеткирүү үчүн бюджеттен 45 миллион 270 миң сом бөлүнгөн. «2022-жылдын январь айынан бери 258 адамдын сөөгү мекенге жеткирилип, 25 миллион сом төлөндү», — деп кошумчалады ал.