2021-жылы Тажикстандын Согди облусунда Кыргызстандын 39 жараны кармалган

Тажикстандын Согди облусунда былтыр Кыргызстандын 39 жараны чек араны мыйзамсыз кесип өтүп жаткан жеринен кармалган. Бул тууралуу облустук соттун төрагасы Бахтиёр Окилзода Худжанддагы маалымат жыйынында билдиргенин «Озоди» радиосу билдирди.

«Кармалгандарга карата Тажикстан Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 335-беренеси «мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү» боюнча 27 кылмыш иши козголгон. Тартип бузгандар ар кандай мөөнөткө эркинен ажыратылды», — деди ал.

Бахтиёр Окилзоданын айтымында, бир дагы кыргызстандык чек арадагы жаңжалдарга катышканы үчүн соттолгон эмес.