2023-2025-жылдары жүгүртүүдөн алынган сапатсыз продукциянын көлөмү 150 тоннадан 647 тоннага чейин өстү
16-ноябрда Эмгек, саламаттык сактоо, аялдар иштери жана социалдык маселелер боюнча комитетинин жыйынында калктын санитардык-эпидемиологиялык жана тамак-аш азыктарынын коопсуздугун камсыз кылуу жаатында Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык - эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинин ишмердүүлүгү тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматты угулуп, эске алынды. Демилгечи – депутат Улукбек Карыбек уулу.
Жыйында баяндама жасаган Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Гульбара Ишенапысова сапатсыз азык-түлүктүн аныкталышынын кескин өсүшүнө токтолуп, 2023-2025-жылдар аралыгында жүгүртүүдөн алынган сапатсыз продукциянын көлөмү 150 тоннадан 647 тоннага чейин, башкача айтканда, 4,3 эсеге өскөнүн маалымдады. «Ошондой эле калктын ден соолугуна коркунуч туудурган мыйзам бузууларды жоюу максатында 2025-жылы 430 объекттин, ал эми 2026-жылдын 9 айында 174 объекттин иши токтотулган. Укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилген материалдардын саны 2025-жылдагы 20дан 2026-жылдын 9 айында 99га чейин өскөн», – деди.
Талкуу маалында депутат Советбек Рустамбек уулу аймактардагы санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдү күчөтүү, аймактык бөлүмдөрдүн, анын ичинен лабораториялардын материалдык-техникалык базасын чыңдоо керектигин билдирди. Депутат Улукбек Карыбек уулу уулануу учурларын жана адам өлүмүнө алып келген жагдайларды тактады. Баяндамачынын маалыматына ылайык, 2026-жылдын алты айында 213 уулануу учуру катталып, анда 624 жаран жабыркаган. Анын ичинен эки учур ботулизмден улам адам өлүмүнө алып келген. Муну менен катар эл өкүлү мектептердин ашканаларында жана буфеттеринде, ошондой эле мектептерге жакын жайгашкан дүкөндөрдө сатылган азык-түлүктөрдүн сапатына көзөмөлдү күчөтүүгө өзгөчө көңүл бурууга чакырды.
Ал эми депутат Жайлообай Нышанов импорттолгон азык-түлүктөрдүн сапатын көзөмөлдөө, энергетикалык суусундуктарды өндүрүүнү жана сатууну жөнгө салуу маселесин ортого салды. Депутат Жылдыз Эгенбердиева санитардык-эпидемиологиялык тармактагы адистерди даярдоого токтолуп, Саламаттыкты сактоо министрлигинин суроо-талабынын негизинде медициналык жогорку окуу жайларында тиешелүү багыттагы дарыгерлерди даярдоону сунуштады. Өз кезегинде депутат Камила Талиева коомдук саламаттыкты сактоону камсыз кылууда алдын алуу иштеринин маанилүү ролун баса белгилесе, депутат Гүлнара Баатырова, комитет төрайымы Гүлкан Молдобекова санитардык-эпидемиологиялык коопсуздук жаатындагы жетекчилердин жоопкерчилигин жогорулатуу тууралуу сөз кылышты. Депутат Айгүл Ахмедова санитардык китепчени электрондук форматта алуу тартибин тактады.