Abank_nov
SerepTV Logo

Бишкекте академик Жамин Акималиев менен коштошуу зыйнаты өттү

Бишкекте академик Жамин Акималиев менен коштошуу зыйнаты өттү
 
8-ноябрда көрүнүктүү окумуштуу, саясий жана мамлекеттик ишмер, айыл чарба илимдеринин доктору, профессор, академик Жамин Акималиев менен коштошуу зыйнаты өттү.

Коштошуу зыйнатына мамлекеттик катчы Арслан Койчиев, Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Жылдыз Таалайбек кызы, мамлекеттик органдардын жана илимий коомчулуктун өкүлдөрү, маркумдун кесиптештери, шакирттери, достору жана жакындары катышты. 

Катышуучулар Жамин Акималиевдин жаркын элесин эскерип, анын өмүр жолу, кесиптик ишмердүүлүгү, көп жылдык илимий жана мамлекеттик кызматтагы эмгеги тууралуу айтып, ата мекендик илимди жана айыл чарбасын өнүктүрүүгө, жаш адистерди даярдоого жана илимий кадрларды калыптандырууга кошкон зор салымын белгилешти. Анын жогорку кесипкөйлүгү, принципиалдуулугу, эмгекчилдиги жана өз ишине берилгендиги өзгөчө белгиленип, кесиптештери, шакирттери жана жакындары Жамин Акималиев артына бай илимий мурас жана өчпөс из калтырганын айтышты.
SEREP MEDIA