21-апрелде борбор калаанын айрым райондорунда суу берүү убактылуу токтотулат. “Бишкек суу канал” өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгынын маалыматына ылайык, 21-апрелде саат 9:00дөн 15:00гө чейин төмөнкү райондордо суу берүү токтотулат:
- Ала-Арча дарыясы — темир жол линиясы — Жибек Жолу проспектиси – Жаш Гвардия бульвары;
- Жаш Гвардия бульвары — темир жол линиясы – Фрунзе көчөсү — Манас проспектиси;
- Дэн Сяопин проспектиси — Ала-Арча дарыясы – Бөкөнбаев көчөсү — Кулиев көчөсү — Москва – көчөсү – Фучик көчөсү — Казаков көчөсү.
Бул “Батыш-2” суу алгычында жана шаардагы суу түтүктөрүндө оңдоо-профилактикалык иштерге байланыштуу аргасыз чара. Мэрия келтирилген ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайт жана калкты, мекемелерди ичүүчү суу камдап алуусун суранат.