21-июндан Бишкек-Үрүмчү авиакаттамы кайра жанданат

21-июндан тартып Үрүмчү-Бишкек-Үрүмчү авикаттамы жанданмакчы. Бул тууралуу Жарандык авиация агенттигинен маалымдашты.

«Үрүмчү-Бишкек-Үрүмчү авиакаттамы «Түштүк-кытай авиажолдору» компаниясы аркылуу ар шейшемби күндөрү жүргүзүлөт», — деп жазылат маалыматта.

Кыргызстан менен Кытай ортосундагы аба каттамдары 2020-жылы март айында ковид пандемиясына байланыштуу токтотулган.