Садыр Жапаров убада кылган жаңы стадиондун макетинин видеосу жарыяланды

Жаңы стадиондун курулушу август айында башталат. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы билдирди.

«Президенттин тапшырмасы боюнча курулчу жаңы стадион борбор калаанын түштүк-батыш тарабында жайгашат. Ал 22 миң 500 кишилик заманбап көп функциялуу спорт аянтчасы болот. Стадионду бул жаатта көп жылдык тажрыйбасы бар Европадан келген компания курат. Каржылоонун негизги бөлүгүн европалык инвестициялар түзөт. Стадиондун курулушу болжол менен эки жылда бүтөт», — дейт катчы.