Эртең, 24-июль (ишемби) Кыргызстанда иш күн болот.
Буга чейин министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койгон буйрукка ылайык, 2021-жылдын 19-июлундагы иш күнү (дүйшөмбү) 24-июлдагы эс алуу күнүнө жылдырылган.
20-июлда Курман айт белгиленип, жарандар 17-июлдан 20-июлга чейин эс алышкан.