26-августка карата өлкөдөгү аба ырайы

Эртең, 26-августта түнкүсүн кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Күндүз тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +10…+15, күндүз +24…+29,

Талас облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +22…+27,

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн +14…+19, күндүз +28…+33,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +19…+24,

Нарында түнкүсүн +5…+10, күндүз +21…+26,

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +12…+14, күндүз +27…+29 градус болот.