Ысык-Көл облусунда сел жүрүшү мүмкүн. Мындай эскертүүнү Кыргызгидромет таратты.
Маалыматка караганда, өлкө аймагында 27-28-августта жаан-чачын жаашы күтүлөт. Буга байланыштуу Ысык-Көл облусунун тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.