28-29-март күндөрү өлкөдө нөшөрлүү жаан-чачын күтүлүп жатат

28-29-март күндөрү күтүлүп жаткан туруксуз аба-ырайына, нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Чүй, Ош жана Жалал-Абад облустарынын тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Эңкейиш жана төмөн жерлерди суу каптоо, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.

«Селдин, суу каптоонун алдын алуу үчүн арыктарды, суу өткөрүү түтүктөрүн жана дренаждык түйүндөрдү ар кандай таштандылардан тазалоону сунуштайбыз», — дешти.