28-мартка караган түнү кыргызстандыктар беш планетанын парадын көрө алышат

28-мартка караган түнү жердин жашоочулары укмуштуудай космостук кубулушка туш болушат. Планеталардын парадына байкоо жүргүзө алышат. Бул тууралуу Daily Mail жазды.

Күн баткандан көп өтпөй Юпитер, Меркурий, Уран, Марс жана Венера тизилип турушу күтүлүүдө. Горизонтко жакын жерде эң жаркыраган эки планета – Меркурий жана Юпитер көрүнөт, ал эми Венера асманда жогорураак жаркырайт. Уранга байкоо жүргүзүү үчүн дүрбү талап кылынат, ал эми Марс Айдын биринчи чейрегине жакын жерде көрүнүп турушу керек.

Акыркы он жылда окумуштуулар 2020 жана 2016-жылдары планеталардын парадын байкашкан.