Эртең, 3-июнда өлкөнүн айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 11…16, күндүз 24…29;
Талас өрөөнүндө түнкүсүн 9…14, күндүз 22…27;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 13…18, күндүз 27…32;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 18…23;
Нарын облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 20…25.
Бийик тоолуу райондордо -1…-6, күндүз 5…10.
Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 13…15°, күндүз 26…28° жылуу болот.