Abank july
SerepTV Logo

3 округ боюнча 63 миң 842 адам добуш берди

3 округ боюнча 63 миң 842 адам добуш берди
Бүгүн, 30-июнда №5 Ноокат, №36 Ысык-Көл жана №29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңешке депутаттарды кайра шайлоо өттү. Шайлоочулардын тизмедеги саны — 311 миң 363 адам. Добуш берүү убактысы саат 20:00дө аяктады. Ноокат округу боюнча 25 миң 611 адам (28,13 пайыз) добуш берди.  Ысык-Көл округу боюнча 21 миң 807 адам (22,4 пайыз) добуш берди.   Свердлов округу боюнча 16 миң 424 адам (13,36 пайыз) добуш берди.  Үч округдан жалпы 29 талапкер ат салышты.
SEREP MEDIA