Эртең, 3-сентябрда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун айрым жерлеринде, Ош облусунун тоолуу райондорунда жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Күндүз өлкө аймактарында жаан жаабайт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +22…+27,
Талас өрөөнүндө түнкүсүн +4…+9, күндүз +19…+24,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +10…+15, күндүз +26…+31,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +17…+22,
Нарын облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +18…+23.
Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн +9…+11, күндүз +25…+27 градус болот.