Эртең, 30-декабрда түнкүсүн жана эртең менен Чүй облусунун көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт.
Күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаайт, Жалал-Абад облусунун өрөөндөрүндө, Ош, Баткен, Талас облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз 0…+5;
Талас облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз 0…+5;
Жалал-Абад, Баткен, Ош облустарында түнкүсүн -4…+1, күндүз +5…+10;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз +1…+6;
Нарын облусунда түнкүсүн -15…-20, күндүз -5…-10;
Бишкек шаарында түнкүсүн жана эртең менен кар жаашы мүмкүн, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -2…-4, күндүз +3…+5 градус болот.