Эртең, 30-июлда түнкүсүн Ош облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас облусунун айрым жерлеринде, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Баткен облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтөт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +18…+23, күндүз +33…+38,
Талас облусунда түнкүсүн +14…+19, күндүз +29…+34,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +20…+25, күндүз +34…+39,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +12…+17, күндүз +25…+30,
Нарын облустарында түнкүсүн +10…+15, күндүз +25…+30,
Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын түнкү температурасы +21…+23, күндүзгү жогорку температура +35…+37 градус болот.