Базар ээлеринен тышкары, 10-15 контейнери бар көптөгөн ишкерлер бар. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.
«Дордойду» алсак, ал жерде да ондогон контейнери барлар бар. Контейнердин баалары 50 миңден 100 миң долларга чейин турат. Ири ишкерлер бар. Алар дагы салык төлөбөйбүз деп чыгып жатышат. Салык төлөө системаны өзгөртүп туруп, бай адамдарга салык төлөтүүнү жумушка киргизишибиз керек. «Дордойдон» контейнер ижарага алуу үчүн анын жайгашкан ордуна жараша 7 миңден 300 миң сомго чейин төлөшөт. Ал эми жөнөкөй сатуучулар бир жагынан салык төлөп, бир жагынан ижара акчасын төлөп, аларга шарт түзүлбөй кыйналып жатышат. Базар ээлери ижара акысын 2-3 эсеге чейин арзандатышы керек»,- деди ал.