+32 градуска чейин жетет. Апрель айындагы аба ырайынын болжолу

Кыргызгидромет 2024-жылдын апрель айына карата Кыргызстандын аймактарында күтүлгөн аба ырайынын болжолу менен бөлүштү.

Чүйдө
Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында абанын айлык орточо температурасы норманын чегинде, айрым жерлерде нормадан +1° жогору болуп, +11…1+3° жылуу, тоо этектеринде жана Кемин өрөөнүндө +7…+9° жылуу болушу күтүлөт. Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн +2…+7° жылуулуктан +11…+16° жылуулукка чейин жетет.
Айрым күндөрү түнкүсүн жана эртең менен өрөөндөрдө -1…-3°ка чейин үшүк жүрүшү мүмкүн. Күндүз +11…+16° жылуулуктан +20…+25° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу, кээ бир күндөрү абанын температурасы +5…+10° жылуулукка чейин төмөндөшү, +27…+32° жылуулукка чейин жогорулашы күтүлөт.

Таласта
Талас облусунун дыйканчылык аймактарында абанын айлык орточо температурасы норманын чегинде, айрым жерлерде нормадан +1° жогору болуп, +9…+11° жылуу болушу күтүлөт. Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн +1…+6° жылуулуктан +9…+14° жылуулукка чейин жетип, айрым учурда түнкүсүн жана эртең менен өрөөндөрдө -2…-4°ка чейин үшүк жүрүшү мүмкүн. Күндүз +11…+16° жылуулуктан +18…+23° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу, кээ бир күндөрү абанын температурасы +5…+10° жылуулукка чейин төмөндөшү мүмкүн.

Ошто
Ош шаарынын дыйканчылык аймактарында абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан +1° жогору болуп, +14…+16° жылуу, тоо этектериндеги райондордо +10…+12° жылуу болушу күтүлөт. Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн +2…+7° жылуулуктан +11…+16° жылуулукка чейин, күндүз +12…+17° жылуулуктан +21…+26° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу, кээ бир күндөрү +27…+32° жылуулукка чейин жогорулашы күтүлөт.

Жалал-Абадда
Жалал-Абад облусунун дыйканчылык аймактарында абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан жогору болуп, +14…+16° жылуу, тоо этектериндеги райондордо +10…+12° жылуу болушу күтүлөт. Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн +2…+7° жылуулуктан +11…+16° жылуулукка чейин, күндүз +12…+17°тан +21…+26° жылуулукка чейин өзгөрүлүп, кээ бир күндөрү +27…+32° жылуулукка чейин жогорулашы мүмкүн.

Баткенде
Баткен облусунун дыйканчылык аймактарында абанын айлык орточо температурасы норманын чегинде, айрым жерлерде нормадан 1 градуска жогору болуп, +11…+13° жылуу, тоо этектериндеги райондордо +10…+12° жылуу болушу күтүлөт. Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн +2…+7° жылуулуктан +11…+16° жылуулукка чейин, күндүз +12…+17° жылуулуктан +20…+25° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу, кээ бир күндөрү +26…+31° жылуулукка чейин жогорулашы күтүлөт.

Ысык-Көлдө
Ысык-Көл облусунун дыйканчылык аймактарында абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп, +6…+8° жылуу болушу күтүлөт. Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -4° суук…+1° жылуулуктан +4…+9° жылуулукка чейин, күндүз абанын температурасы +3…+8° жылуулуктан +12…+17° жылуулукка чейин өзгөрүлүп, кээ бир күндөрү +19…+24° жылуулукка чейин жогорулашы күтүлөт.

Нарында
Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында абанын айлык орточо температурасы норманын чегинде, айрым жерлерде нормадан 1° жогору болуп, +7…+9° жылуу болушу күтүлөт. Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -1…-6° сууктан +2…+7° жылуулукка чейин, күндүз +7…+12° жылуулуктан +17…+22° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт. Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болот.