Кечээ, 18-сентябрда Аламүдүн районунун Константиновка айылында Мирлан Какеевдин сөөгү жерге берилди.
2022-жылдын июнь айынан тартып Баткен облусундагы № 707 аскер бөлүгүндө келишимдин негизинде кызмат өтөп, мекендин чек арасын коргоо милдетин аткарып жаткан. «Жүрөгү мекен деп соккон Мирлан турмуштун оор сыноосун эрте тартты. 11 жашында жетим калып, төрт ага жана эки эжесинин кенжетайы болсо да, турмуш эрте тарбиялады. Жайдары мүнөз, ак көңүл Мирлан бала кезинен эле мекенин коргоону кыялданып, өлкө үчүн күйгөн чыныгы патриот эле», — деп айтылат маалыматта.