Abank july
SerepTV Logo

Саламаттыкты сактоо министрлигинин жамаатына министрдин жаңы орун басары тааныштырылды

Саламаттыкты сактоо министрлигинин жамаатына министрдин жаңы орун басары тааныштырылды
 
Бүгүн, 27-августта Саламаттыкты сактоо министрлигинин борбордук аппаратына министрдин жаңы орун басары тааныштырылды. Министрлер кабинетинин тескемесине ылайык, министрдин орун басары болуп Нурбек Букуев дайындалды.

Букуев Нурбек Медетбекович — хирург, онколог-гинеколог, медицина илимдеринин доктору, доцент. Клиникалык, башкаруучулук жана илимий-педагогикалык багыттарда 21 жылдык эмгек тажрыйбасы бар. 2024-жылдан тартып Бишкек шаарындагы Улуттук онкология жана гематология борборун жетектеп, дарылоо, илимий жана билим берүү иштерин уюштуруу, заманбап клиникалык протоколдорду киргизүү, ошондой эле мамлекеттик жана эл аралык уюмдар менен кызматташтыкты өнүктүрүү багытында иш алып барган.
SEREP MEDIA