Abank july
SerepTV Logo

Ош милициясы: "Айтурган Эрмекованын кайрылуусу боюнча текшерүү иштери жүрүп жатат"

Ош милициясы: "Айтурган Эрмекованын кайрылуусу боюнча текшерүү иштери жүрүп жатат"

"Айтурган Эрмекованын Инстаграм баракчасындагы кайрылуулары боюнча Ош ШИИБдин Сулайман-Тоо милиция бөлүмү текшерүү иштерин улантып жатат". Бул тууралуу Ош шаардык милициясынан кабарлашты.

"Белгилеп кетүүчү жагдай: Айтурган Эрмекованын жана күйөөсүнө карата коркутуп-үркүтүүлөр боюнча буга чейин алардан жана жакындарынан кандайдыр бир арыз-кайрылуулар түшкөн эмес. Социалдык тармактардагы кайрылуулары боюнча катталып, иликтөө иштери аткарылууда", - деп жазылат билдирүүдө.

Бүгүн, 27-августта ырчы Айтурган Эрмекова соцтармактагы баракчасына жолдошунун видеосун жарыялап, ага коштоп жазылган билдирүүдө коркутууулар болуп жатканын жазган.

SEREP MEDIA