Abank
SerepTV Logo

"4 кыз, 2 уулдун атасы болуп калдым". SUPERTV’нын каарманы жубайы менен тааныштырды

"4 кыз, 2 уулдун атасы болуп калдым". SUPERTV’нын каарманы жубайы менен тааныштырды
Мындан беш ай мурда SUPERTV'га “Жубайым күтүүсүз каза болуп, 4 бала менен калдым. Кичүүсү 2 айлык ” деген 32 жаштагы атанын маеги жарык көргөн. Видеону ушул күнгө чейин 600 миңге жакын адам көрдү. Каарманыбыз элден 450 миң сом чогулганын жана балдарына эне, өзүнө сүйүктүү жар тапканын кабарлады. Биздин чыгармачыл топ Фарух Эргашовду куттуктап, кабар алып келди. "6 баланын, 2 эркек жана 4 кыздын атасы болуп калдым. Сиздер тартып кеткен соң, көпчүлүк жарандар колун сунушту. Чет өлкөдөгү мигранттарга ыраазымын. Үйлөндүм. Эркек кишиге 4 баланы кароо оңой эмес экен. Жубайымдын аты Надира Ысык-Көлдүн кызы. 2011-жылы үй-бүлөбүз менен эле катышып жүрчүбүз. 4 балага эне болууга даяр экенин айтты", - деди Эргешов. "Биз 2011-жылы таанышканбыз. Ата-энем менен катышып эле жүргөнбүз. Анан каналыңарга чыккан видеону көрдүм. Анан Фарух сунушун киргизди. Макулдугумду бердим. 2 ай ойлондум. 4 баланы карай аламбы деп ойлондум. Эже-ини катары эле сүйлөшчүбүз. Жубайы болот экем деп ойлогон дагы эмесмин", - дейт жубайы.