“4 майыпты дагарага салып жуунтам” дейт вагондо күн кечирген каарман
“Апам жана кызым ракка кабылган, жубайым жана дагы бир кызым башынан жабыркайт. Аларга тамак таап келип, кезек менен жуунтуп, карайм” дейт биздин бул жолку каарманыбыз Бакыт Жуманалиев. Ал 31 жашта. Мүмкүнчүлүгү чектелген 4 үй-бүлө мүчөсүн вагондо багып жаткан ал тагдырын айтып берди.
"Биздин вагондо жашаганыбызга 7 жыл болду. Эч кандай шарт жок. Кышында от жаксаң бат ысып кетет да бат муздайт. 4 майыпты дагарага салып жуунтам. Чоң кишини карап, памперсин алмаштыруу оор. Айла жок жашоого туура келет. Туугандардан да жардам сурай албайм, алар деле өз жашоосу менен. Кантип апамды таштап кетем. Ал мени төрөп, өстүргөн. Кыздарым канымдан жаралган аларды таштап кете албайм. Мага кыйын эле болуп жатат",- деди ал.