Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, 16-17-майда ысык аба ырайы күтүлөт.
Абанын күндүзгү температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +35…+40 градуска чейин, Талас облусунун өрөөнүндө +33…+38 градуска чейин жогорулашы күтүлөт.
«Мындай кургак ысык аба ырайынын учурунда суусоодон жана ысык өткөрүп алуудан сактануу үчүн күндүз күн ачык жерлерде көпкө жүрбөөгө чакырат. Ошондой эле айыл чарба өсүмдүктөрүн кеңири сугарыңыз»,- деп айтылат маалыматта.