Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги Украинада атайын операциянын жүрүшүндө согуштук милдетин аткарууда Кыргызстанда туулуп, кийин Орусиянын жарандыгын алган Исламжон Камиловдун көз жумганын билдирди.
Жергиликтүү ЖМКлар анын 2019-жылы Орусияга иштөө үчүн барганын, 2020-жылы Орусиянын жарандыгын алып, 2021-жылдын күзүндө кызмат өтөөгө чакырылып, кызмат өтөп жүргөнүн жазып чыгышты. Маалыматка караганда, ал 5-апрелде жанында снаряд жарылып көз жумган. Исламжон 2002-жылы 14-апрелде Кара-Дыйкан айылында туулган. Ал 2008-жылы мектеп босогосун аттап, 2017-жылы 9-классты аяктаган. 2019-жылга чейин Өзгөндөгү мектепте билим алган.
Айрым маалыматтарга караганда, анын сөөгү мекенине бүгүн, 19-апрелде жеткирилет.
Буга чейин 25-мартта Украинада каза болгон Эгемберди Дорбоев аттуу кыргыз жигиттин сөөгү Ысык-Көлдө жерге берилген. Бул окуяга удаа эле 27-мартта Украинада каза болгон Кыргызстанда туулуп, кийин Орусиянын жарандыгын алган Рустам Зарифулиндин сөөгү Кара-Балтада жерге берилген. Экөөнүн тең сөөгү Орусиянын Канттагы аба майданы аркылуу мекенине жеткирилген болчу.