«5-апрелде снаряд жарылып, көз жумган». Украинада каза болгон Исламжон Камилов болгону 20 жашта болчу

Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги Украинада атайын операциянын жүрүшүндө согуштук милдетин аткарууда Кыргызстанда туулуп, кийин Орусиянын жарандыгын алган Исламжон Камиловдун көз жумганын билдирди.

Жергиликтүү ЖМКлар анын 2019-жылы Орусияга иштөө үчүн барганын, 2020-жылы Орусиянын жарандыгын алып, 2021-жылдын күзүндө кызмат өтөөгө чакырылып, кызмат өтөп жүргөнүн жазып чыгышты. Маалыматка караганда, ал 5-апрелде жанында снаряд жарылып көз жумган. Исламжон 2002-жылы 14-апрелде Кара-Дыйкан айылында туулган. Ал 2008-жылы мектеп босогосун аттап, 2017-жылы 9-классты аяктаган. 2019-жылга чейин Өзгөндөгү мектепте билим алган.

Айрым маалыматтарга караганда, анын сөөгү мекенине бүгүн, 19-апрелде жеткирилет.

Буга чейин 25-мартта Украинада каза болгон Эгемберди Дорбоев аттуу кыргыз жигиттин сөөгү Ысык-Көлдө жерге берилген. Бул окуяга удаа эле 27-мартта Украинада каза болгон Кыргызстанда туулуп, кийин Орусиянын жарандыгын алган Рустам Зарифулиндин сөөгү Кара-Балтада жерге берилген. Экөөнүн тең сөөгү Орусиянын Канттагы аба майданы аркылуу мекенине жеткирилген болчу.