Abank
SerepTV Logo

5-апрелге карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

5-апрелге карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 5-апрелде түнкүсүн Баткен, Ош облусунун көпчүлүк аймактарында жаан жаайт. Күндүз Талас, Баткен, Чүй, Ош облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +18…+23, Талас облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +16…+21, Баткен облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +16…+21, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +7…+12, күндүз +17…+22, Ысык-Көлдө түнкүсүн -4…+1, күндүз +12…+17, Нарын облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз +11…+16 градус. Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +6…+8, күндүз +19…+21 градус болот.