5-ноябрдан 11-ноябрга чейин өлкө аймагында күтүлө турган аба-ырайы

Кыргызгидромет 5-ноябрдан 11-ноябрга чейин өлкө аймагында күтүлө турган аба-ырайы тууралуу маалымат берди.

5-9-ноябрда Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын аймактарында мезгил-мезгили менен жаан жаашы күтүлүүдө. Облустардын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. 10-11-ноябрда республикада жаан-чачын күтүлбөйт.