5-октябрда түнкүсүн Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда жаан, кар жаайт. Бийик тоолуу райондорунда карга айланат.
Күндүз Талас, Баткен облустарынын айрым жерлеринде, Чүй облусунун тоолуу райондорунда, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан, бийик тоолуу райондорунда жаан, кар жаайт.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 9…14, күндүз 23…28;
Таласта түнкүсүн 7…12, күндүз 20…25;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 10…15, күндүз 24…29;
Ысык-Көлдө түнкүсүн 4…9, күндүз 16…21;
Нарында түнкүсүн 2…7, күндүз 17…22.
Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 10…12°, күндүз 25…27° жылуу болот.