«55 тонна ун, 5 тонна туз, 10 тонна кумшекер…» Памирдеги кыргыздарга гуманитардык жардам жеткирилди

иллюстрация

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Улуу жана Кичи Памирде (Ооган) жашаган этникалык кыргыздарга гуманитардык жардам жеткирилди. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

Белгилүү болгондой, памирлик кыргыздар бийик тоолуу катаал табигый климаттык шартта жашашат жана кышкы суук бул жерге дээрлик эрте түшөт.

Памирлик кыргыздар үчүн 55 тонна ун, 14 тонна күрүч, 7 тонна макарон, 4000 литр өсүмдүк майы, 5 тонна туз, 10 тонна кумшекер сатып алынган. Бул үстүбүздөгү жылдын кыш мезгилинде азык-түлүк менен толук камсыз кылууга мүмкүнчүлүк берет. Азыркы учурда гуманитардык жүк белгиленген жерге жеткирилип, памирлик кыргыздарга бөлүштүрүлдү.