59 Кыргыз жараны Тажикстандын кол салуусунан каза болду

Kyrgyzstan's servicemen carry a coffin with a body of their killed comrade Batken, southwestern Kyrgyzstan, Saturday, Sept. 17, 2022. The fighting started Wednesday, Sept. 14, 2022 for no obvious or publicly announced reason. The security chiefs of Kyrgyzstan and Tajikistan have sat down for talks to stop fighting on the border between the two countries that has killed at least 24 people and wounded over 100. (AP Photo/Danil Usmanov)

18-сентябрь саат 22:00гө карата (оперативдүү маалымат) саламаттыкты сактоо уюмдарына кайрылгандардын жалпы саны 144 адамды түзүп, анын ичинен 7 жабырлануучу амбулатордук дарылоого жөнөтүлдү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен маалымдашты.

Жабыркагандардын көбү Бишкек жана Ош шаарындагы саламаттыкты сактоо уюмдарына которулган (102 жабырлануучу):
1. Улуттук госпиталда — 71 жаракат алган жараан;
2. Улуттук хирургиялык борбор – 8 жабырлануучу;
3. Эне жана баланы коргоо улуттук борбору – 8 жабырлануучу;
4. Тез жардам ооруканасы — 9 жабыркаган;
5. Ош облустук бириккен ооруканасы – 4 жабырлануучу;
6. Ош облустар аралык балдар клиникалык ооруканасы – 2 жабырлануучу.

Калган жабыр тарткан жарандар Баткен облусунун саламаттыкты сактоо уюмдарында стационардык дарыланууда.

Баткен облусунан алынган ыкчам маалыматтар боюнча, дагы 13 каза болгон адамдын сөөгү Баткен облусунун саламаттыкты сактоо уюмдарына келип түшкөн. Баткен облусунда куралдуу кагылыштан каза болгондордун жалпы саны 59 адам.