6-7-июнь күндөрү Катардын эмири мамлекеттик сапары менен Кыргызстанга келет

6-7-июнь күндөрү Катардын эмири мамлекеттик сапары менен Кыргызстанга келет.

Буга байланыштуу, Ички иштер министрлиги мыйзамдуулукту жана тартипти жогорку деңгээлде камсыздоо боюнча чараларды көрүп жатат. Учурда коопсуздукту жана коомдук тартипти камсыздоо максатында ыкчам штаб түзүлүп, ички иштер органдарынын күчтөрүн жана каражаттарын эсептөө иштери жүргүзүлүп, ага ылайык 3000ге жакын милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшөт. Расмий иш-чаралардын жүрүшүндө милиция кызматкерлери коомдук коопсуздукту жана тартипти, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздашат.

Расмий жана салтанаттуу иш-чаралар өтө турган жерлер өзгөчө көзөмөлгө алынат. Бул иш-чаралар учурунда жолдун айрым тилкелеринде унаалардын кыймылына убактылуу чектөө киргизилет.