6 баласы менен таштанды таштоочу жайда жашаган келин: «Эгиздеримдин башында суу бар экен»

11-январда SuperTV телеканалында Элнура Курманованын тагдырын баяндаган видео жарыяланган. Ал шаар четиндеги таштанды таштоочу жайдын айланасында 6 баласы менен вагондо күн кечирет. Ата-энесиз өскөнүн айткан ал башынан өткөрүп жаткан тагдырын баяндап берген.

Келиндин биринчи турмушунан 4 баласы бар. Биринчи жолдошу айдоочу болуп иштеген. Келин анын жол кырсыгынан каза болуп калганын айтат. Андан кийин турмушка чыккан. Ал боюнда эгиздерди көтөрүп жүргөндө таштап кеткен. Келин тааныштарынан анын үй-бүлөсү бар экенин уккан.

Бүгүн, 23-январда редакция келин менен байланышканыбызда, келин учурда баары жакшы экенин айтты. «Видео чыккан соң азык-түлүк, көмүр, акча которгондор болду», — деди келин.

Ал ошондой эле эгиздеринин башында суу бар экенин билгенин айтты. «Эгиздерим убактысынан эрте төрөлгөн. Бейтапканага барсам экөөнүн тең башында суу бар дешти. Күндө бейтапканага барып жатабыз. Дарылануу керек экен», — деди ал.