6 баласы менен таштанды таштоочу жайда жашаган келинге 1 күндө кандай жардам болду?

Кечээ, 11-январда SuperTV телеканалына Элнура Курманованын тагдырын баяндаган видео жарыяланган. Ал шаар четиндеги таштанды таштоочу жайдын айланасында 6 баласы менен вагондо күн кечирет. Ата-энесиз өскөнүн айткан ал башынан өткөрүп жаткан тагдырын баяндап берген.

Келиндин биринчи турмушунан 4 баласы бар. Биринчи жолдошу айдоочу болуп иштеген. Келин анын жол кырсыгынан каза болуп калганын айтат. Андан кийин турмушка чыккан. Ал боюнда эгиздерди көтөрүп жүргөндө таштап кеткен. Келин тааныштарынан анын үй-бүлөсү бар экенин уккан. «Ал мени таштанды таштоочу жайга таштап кеткен. Эгиз балдарымды чанып, таштап кетти. Эч кандай байланыш жок. Жардам бербейт. Ал эми биринчи жолдошумдун туугандары балдарды сагынганда алып кетип, кайра алып келип беришет. Жардам беришпейт. Алар деле кыйналып жашашат», — деген келин.

Редакция бүгүн, 12-январда келин менен байланышканыбызда ага кайрымдуу инсандар жардам берип жатышканын айтты. Анын айтымында, кечээтен бери ага 10 мүшөктөй көмүр, азык-түлүк таштап кетишкен. Андан тышкары, чет өлкөдөгү мекендештер акчалай жардам берип жатышканын айтты. Ал эми Бишкек шаардык мэриясы да байланышка чыгып, келинге 6 баласы менен убактылуу баш калкалоочу жайда жашап турууну сунушташкан. Келин андан баш тарткан. «Мен ал жерде убактылуу жашашым керек экен. Кайра 2-3 айдан кийин бул жерге келишим керек болот. Анан көрө ушул жерде эле жашай берем», — деди келин.