Окуучунун «Баткенде каза болгон куткаруучу байкеге арналат» деген сүрөтү баш байгеге татыды

Кыргызстанда 5-октябрь Кырсыктардын коркунучун азайтуу күнүнө карата “Куткаруучу” сынагы өттү. Сынактын жыйынтыгында Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Я.Я.Ваккер атындагы мектептин 6-классынын окуучусу Али Талантбеков баш байге ноутбук жеңип алды. Маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине ӨКМден тастыкташты.

«Сынак «Мыкты ыр» жана «Мыкты сүрөт» номинациялары боюнча республикалык деңгээлде өттү. Жеңүүчүлөргө өзгөчө кырдаалдар министрлигинин башчысы Бообек Ажыкеев баалуу сыйлыктарды тапшырды. Республика боюнча 12-сентябрдан баштап сынакка 1-11-класстын окуучулары катышкан. Алгач райондук, андан кийин облустук, эң соңунда республикалык деңгээл болгон. Мелдеш башталгандан бери райондун 60тан ашык мектеп окуучулары катышкан.

«Мектеп окуучулары өмүрүн тобокелге салып адамдарды сактап калган куткаруучулар жана өрт өчүрүүчүлөр тууралуу эмгектерин даярдашкан. Ошондой эле быйылкы күздө Баткенде болгон кайгылуу окуяларды чагылдырган чыгармалар камтылган», — деп айтылат маалыматта. Талантбеков Баткен окуясында каза болгон кыргызстандык куткаруучуну тарткан.