Алимахан Төлөнбаева Бишкектеги «Ош базарынын» айланасында 6 небереси менен кепедей үйдө күн кечирет. «Кызым 5 баласын мага калтырып, иштейм деп кеткен бойдон дайынсыз. Балдардын кичүүсү 2 жашта. Биз баш калкалап жаткан жер мурда тооккана, сарай катары пайдаланылган экен. Жаан-чачында шыбынан суу агып, туш тарабынан шамал аркырап кирип жатат. Жакшыраак жайга көчсөк, кызым кайтып келсе экен деген тилегим күч» дейт ал.
«Кызымдын дайынсыз кеткенине 2 жыл болду. Үчүнчү жолдошун ээрчип кеткен. Ошондон бери өзү да, жолдошу да жок. Мен келип калат деп күтүп келем. Кызым, мени көрсөң, келип кет. Балдарыңды карап, бак. Жыртык-тешик үйдө отурам. Айылдагы үйдү сатып, 6 айда үй алып берем деген компанияга бергем. Быйыл 4 жыл болду. Акча да, үй да жок», — деди эне.
Стоит подать на алименты на родителей этих детей, т.е. дочь и зятьев. Иначе государство ноль с копейками платит. Или крайний случай отдать на опеку государству до лучших времен.
.