Эламан Турганбек уулу Бишкектен Орусияга унаа жеткирүүчү айдоочу болуп иштейт. Мындан 2 жума мурда ал тралга 6 жаңы унааны салып бара жатып, Орусиянын аймагынан кырсыкка учураганын айтат. “Буюртмачы унаанын акчасын талап кылып жатат. Чыгымдын суммасы 18 миллион сомдон ашат. Эми каражатты сентябрь айынын аягына чейин таап беришим керек. Ушундан улам, элден жардам суроого аргасызмын” дейт айдоочу.
Жардам берүүнү каалагандар үчүн реквизиттер: ОПТИМА БАНК: 4169 5853 4342 1581 (Караваев Азамат Савербекович)
ЭЛКАРТ: 9417 1790 6323 8752 (Таалайбек А.)
СБЕРБАНК: 4279 3807 2283 1346 (Ашыралиев Б.) РСК БАНК: 9417 0890 8566 8482
«Бишкектен Москвага жүк алгам. 6 унаа болчу. Орусияда ушундай кырсык болду. Бир унааны өткөрөм деп, четке чыгып, ушул кырсык болуп кетти. 200 метрдей сүйрөлүп барып, токтоду. Унааларды ошол жерден эле Кыргызстанга алып келдим. Ойго көп нерсе келет экен. Кантип кутулам? Өзүм аман калганыма сүйүнөм. Унаалардын ээсине чалдым. Ал да келген. 100 километр жол калган»,- деди ал.