Жума, 06.03.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР КООМ

«6900 сомдон кем болбойт». Өлкөдө 1-июлдан тарта пенсия көбөйөт

15:42 28.06.2024
0
«6900 сомдон кем болбойт». Өлкөдө 1-июлдан тарта пенсия көбөйөт
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-июнда өлкөдөгү пенсияларды жогорулатуу маселелери боюнча кеңешме өткөрдү.

Мамлекет башчысы пенсия курагына жеткен жана пенсияга чыккан жарандарыбыздын татыктуу жашоо деңгээлин камсыз кылуу — өлкөнүн ишинин артыкчылыктуу багыты экенин белгиледи. Бул маселе боюнча Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев баяндама жасады. Анын айтымында, 2021-жылга чейин пенсиянын орточо өсүшү минималдуу деңгээлде жүргүзүлүп келген. 2021-жылдан тартып өлкө жетекчилигинин тапшырмасы менен пенсия олуттуу деңгээлде жогорулап баштаган. Мындан тышкары, Конституциянын 44-беренесин ишке ашыруу максатында Социалдык фонд “Келечек булагы” туруктуу пенсиялык системасынын стратегиясын иштеп чыгып, мунун алкагында бир катар мыйзам долбоорлору кабыл алынды.

Бактияр Алиев 2021-жылдан тартып камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултуу эң жогорку көрсөткүчкө жеткенин билдирди. Бул мезгилден тарта мугалимдердин, дарыгерлердин, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин айлык акыларынын жогорулашынан улам камсыздандыруу төгүмдөрү көп чогулуп, бул пенсиянын көбөйүшүнүн негизги фактору болду. Мисал катары 4 жылдык көрсөткүчтү ала турган болсок. 2017-жылдан 2020-жылдар аралыгында камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйноонун көрсөткүчү 115,7%ды түзсө, 2021-жылдан 2024-жылга чейинки 4 жылда бул көрсөткүч 210%га жетти. Белгилей кетчү жагдай, үстүбүздөгү жылы ишкерлерди колдоо, көмүскөдөгү камсыздандыруу төгүмдөрүн ачыктоо максатында камсыздандыруу төгүмдөрү 27%дан 12%га чейин төмөндөтүлдү. Бул көрсөткүч эл аралык практикада уникалдуу кадам болуп эсептелет.

Ал октябрь айынан тарта пенсиянын минималдуу өлчөмү 6 900 сомду түзүп, Конституциянын 44-беренеси ишке кирерин айтты. Бул кабар пенсионерлер үчүн абдан жакшы жаңылык болду. 2021-жылдан тарта ушул күнгө чейин пенсияны бир нече этап менен жогорулатуу аракети көрүлдү. Мисалы, 2022-жылы пенсия 33%га көтөрүлгөн. Бул үчүн жалпы 20 миллиард сом керектелген. 2023-жылы Социалдык фонд пенсиялык фонддун каражатынын эсебинен 30 миң сомго чейинки пенсиялардын камсыздандыруу бөлүгүн (38%га ) жогорулатууга жетишти. Бул көтөрүү үчүн дагы пенсиялык фонддон кошумча 20 миллиард сом бөлүнгөн.

Соцфонддун жетекчиси президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен пенсионердин жашоо минимумунан кем кылбоо үчүн пенсиялар 2024-жылы көбөйөрүн белгиледи. Бул үчүн 2 этап менен кошумча 20 миллиард сом бөлүнөт. Пенсияны жогорулатуунун 1-этабы 2024-жылдын 1-июлунда ишке кирип, анда эң минималдуу пенсия 3 500 сом болот. Ал эми 2-этап октябрь айында ишке кирип, пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрү 18%га, бирок 1000 сомдон кем эмес жогорулайт. Буга 2024-жылдын 3 айы үчүн 3 миллиард 927 миллион сом кошумча каражат керектелет. Бул каражаттын 3 млрд 140 млн сому пенсиялык фонддон, 787 миллион сому республикалык бюджеттен каржыланат.

Бактияр Алиев республикалык бюджеттен бөлүнө турган 787 миллион сом бюджеттен оптималдаштырылган каражаттын эсебинен төлөнө турганын баса белгиледи. Жыйынтыгында, 2024-жылдын октябрь айынан тарта өлкөдө эң минималдуу пенсия 6 900 сомду түзүп, жалпысынан 3 жыл аралыгында пенсияны жогорулатууга кошумча 60 млрд сом сарпталды. Мындан башка, анын айтымында, 2021-жылга чейин пенсионердин жашоо минимумунан төмөн пенсия алган пенсионерлердин саны 349 000 адамды же өлкөдөгү жалпы пенсионерлердин 49%ын түзсө, 2023-жылга карата бул көрсөткүч 306 000 адамга азайып, 40%га чейин кыскарган. 2024-жылдын октябрь айынан тартып бул көрсөткүч толугу менен жокко чыгарылат.

Маалыматты уккан соң президент Садыр Жапаров Социалдык фонд өз убагында кайра эсептөөлөрдү жүргүзүп, жаңы өлчөмдөрдө төлөөнү камсыз кылуу жаатында иш-аракеттерди ыкчамдатышы керектигин баса белгиледи. Аны менен бирге, пенсиялык системаны реформалоого, пенсиянын майнаптуулугун жогорулатууга багытталган мыйзамдарга кол коюлду. Эми бул реформага багытталган мыйзамдарды ишке ашыруу боюнча иш-чаралар жүргүзүлүшү зарыл. Мамлекет башчысы учурда өлкө өнүгүү жолуна түшкөнүн баса белгиледи. Пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрү 18%га, бирок 1000 сомдон кем эмес жогорулайт, башкача айтканда жогорулатууну жана пенсионердин жашоо минимумунун өлчөмүнө чейин жеткирүүнү эске алуу менен пенсиянын базалык бөлүгү жогорулайт.

“Жөнөкөй тил менен айтканда, жалпысынан пенсиянын өлчөмү 6900 сомдон кем болбойт. Бүгүнкү кабыл алган Жарлыгыбызда дал ушул маселе чагылдырылган. Муну менен биз Конституциянын талаптарын аткарып жатабыз. Бул пенсиялык камсыздоо практикасында алгачкы жетишкендигибиз болуп олтурат. Буга чейин колуна 1000 сом алган пенсионерлер эми 10-июлдан тарта 3 500 сомдон ала башташат. Ал эми 10-октябрдан тарта пенсиянын минималдуу өлчөмү 6 миң 900 сомдон кем эмес болот. Бул оңойго турган жок, бирок биз буга акыркы жылдары коррупциянын бардык көрүнүштөрүнө каршы активдүү жана элдешкис күрөш жүрүп жаткандыгынын, жүргүзүлүп жаткан реформалардын натыйжасында өлкө экономикасынын өсүшүн камсыз кылуу менен жетише алдык”, — деп Садыр Жапаров сөзүн жыйынтыктап, кол коюлган Жарлыктын маанилүүлүгүн айта кетти.
БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
СЕРЕП МЕДИА

СЕРЕП МЕДИА

Окшош

Депутат Бекешев: «Өзгөндөгү мектептерде ЖРТга ондой окуучу гана киргизилип жатат»

Депутат Бекешев: «Өзгөндөгү мектептерде ЖРТга ондой окуучу гана киргизилип жатат»

Автор СЕРЕП МЕДИА
12:14 05.03.2026
1

Депутат Дастан Бекешев Жалпы республикалык тестирлөөгө (ЖРТ) байланыштуу маселе көтөрдү. Ал жыйынтыктар мүмкүн болушунча ачык-айкын болуп, катышуучуларга өз убагында жеткирилиши...

Депутат Кокулов өзүнө карата соцтармактагы негатив боюнча үн катты

Депутат Кокулов өзүнө карата соцтармактагы негатив боюнча үн катты

Автор СЕРЕП МЕДИА
11:34 05.03.2026
0

Соцтармактарда депутат Эрулан Көкүлов менен Кайгуул милициянын маалымат бөлүмүнүн кызматкери Надырбек Жусуповдун диалогу делген аудио сүйлөшүү тарады. Бул тууралуу Спутник...

Депутатка жол эрежесин бузгандыгы үчүн айып пул салууга болобу?

Депутатка жол эрежесин бузгандыгы үчүн айып пул салууга болобу?

Автор СЕРЕП МЕДИА
10:57 05.03.2026
0

"Жогорку Кеңештин депутаты жол кыймылынын эрежелерин бузган учурда Укук бузуулар жөнүндө кодекстин негизинде жоопкерчиликке тартылат. Депутаттык кол тийбестик негизинен кылмыш...

Депутат Кокулов ИИМден анын катышуусундагы видео боюнча түшүндүрмө талап кылды

Депутат Кокулов ИИМден анын катышуусундагы видео боюнча түшүндүрмө талап кылды

Автор СЕРЕП МЕДИА
09:55 05.03.2026
0

Кечээ, 4-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эрулан Кокулов Ички иштер министрлигинин өкүлдөрүнө суроо берди. Бул суроолор айдоочулар айрым жол эрежелерин...

Жол эрежесин бузган айдоочулардан ордунан дароо экзамен алууну көздөгөн мыйзам долбоору парламентте кызуу талкуу жаратты

Жол эрежесин бузган айдоочулардан ордунан дароо экзамен алууну көздөгөн мыйзам долбоору парламентте кызуу талкуу жаратты

Автор СЕРЕП МЕДИА
09:41 05.03.2026
0

Депутаттардын айрымдары киргизилип жаткан өзгөртүүлөр коррупцияга жол ачат деген жүйөө менен айдоочулар жолдон экзамен тапшыруусуна каршы пикирин айтты. Бирок мыйзам...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
Депутат Кокулов өзүнө карата соцтармактагы негатив боюнча үн катты

Депутат Кокулов өзүнө карата соцтармактагы негатив боюнча үн катты

11:34 05.03.2026
Депутаттар арасындагы кырдаал жөнгө салынды

Депутаттар арасындагы кырдаал жөнгө салынды

13:04 05.03.2026
Депутат Кокулов ИИМден анын катышуусундагы видео боюнча түшүндүрмө талап кылды

Депутат Кокулов ИИМден анын катышуусундагы видео боюнча түшүндүрмө талап кылды

09:55 05.03.2026
Депутат Бекешев: «Өзгөндөгү мектептерде ЖРТга ондой окуучу гана киргизилип жатат»

Депутат Бекешев: "Өзгөндөгү мектептерде ЖРТга ондой окуучу гана киргизилип жатат"

1
Депутаттар арасындагы кырдаал жөнгө салынды

Депутаттар арасындагы кырдаал жөнгө салынды

1
Депутаттар арасындагы кырдаал жөнгө салынды

Депутаттар арасындагы кырдаал жөнгө салынды

13:04 05.03.2026
Депутат Бекешев: «Өзгөндөгү мектептерде ЖРТга ондой окуучу гана киргизилип жатат»

Депутат Бекешев: "Өзгөндөгү мектептерде ЖРТга ондой окуучу гана киргизилип жатат"

12:14 05.03.2026
Депутат Кокулов өзүнө карата соцтармактагы негатив боюнча үн катты

Депутат Кокулов өзүнө карата соцтармактагы негатив боюнча үн катты

11:34 05.03.2026

АРХИВ

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
« Фев    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү