7-майга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

Эртең, 7-майда түнкүсүн Баткен облусунда жана Ош облусунун тоолуу райондорунда жаан жаашы мүмкүн. Ал эми тоолуу райондордо кар жаайт.

Күндүз Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарынын айрым аймактарында жаан жаашы ыктымал.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +20…+25,

Талас облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +17…+22,

Баткен облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +20…+25,

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн  +9…+14, күндүз +20…+25,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +11…+16,

Нарын облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +12…+17,

Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы +5…+7°, күндүз +11…+13° болот.