Кечээ, 31-октябрда 72 жаштагы милициянын ардагери Тилеш Акматов Кыргыз милициясынын 100 жылдыгынын урматына велосипед менен үч саат аралыгында Өзгөн шаарынан Ош шаарына келди.
Ардагер Акматов бул кадамы менен милиция кызматкерлерин жана жалпы эле жарандарды сергек жашоого үндөп, спорт менен машыгууга чакырууга ниет кылган. Ал учурда Өзгөн шаарында жашайт. Жубайы Карачач Акматова экөө бир кыз төрт уулду тарбиялап, эрезеге жеткирген. 20 неберенин сүйүктүү чоң атасы. Үч уулу атасынын жолун жолдоп, аскер кызматкери болуп эмгектенишет.
Ардагер кыргыз милициясынын катарында 1974-жылдан 1995-жылга чейин кызмат өтөгөн. Алгач айдоочулуктан баштап, андан соң жашы жетелектер менен иштөө боюнча инспектор жана башка бир катар жооптуу жетекчилик кызматтарды аркалаган.
Эртең, 14-июнга караган түнү Ысык-Көл облусун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош облусунун тоолуу райондорунда жаан жаап, күн...
УКМК тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилген кыймылсыз мүлк объекттерин аныктоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында Талас шаарынын борборундагы 0,14 га аянттагы имараттар...
14-15-июнда нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу аймактарында сел жүрөрү күтүлүүдө. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. Бул күндөрөү тоодо, дарыя жээгинде эс...
Социалдык тармактарда "Бишкекте 7 унаа сүзүшкөн жол кырсык катталды" деген видео тарады. Видеодон көргөндөй, кырсыкка жүк ташуучу унаалар, кичи автобус...