«763 миң 242 сом чогулду». Эркин Рыскулбеков 13 жаштагы зордукталган кызга чогулган каражат кайда бөлүнгөнүн айтып берди (видео)

8-июль күнү алып баруучу Эркин Рыскулбеков демилгечи топ менен биргеликте 13 жаштагы колдон колго өтүп зордукталган кызга көмөк көрсөтүү максатында атайын эсеп ачканын билдирген. 24 күн аралыгында чогулган акчанын кайда жумшалганы тууралуу коомдук активист социалдык баракчасы аркылуу маалымат берди.

Урматтуу мекендештер. Демилгечи топ милиция кызматкерлери тарабынан зордукталган 13 жаштагы кыздын окуясы боюнча эсеп ачканы маалым. Жалпы элдин күчү менен биз 763 миң 242 сом 98 тыйын каражат чогулттук.

Ал каражаттар төмөнкүдөй бөлүшүлдү:

— 100 миң сом «Оазис» фондунун жетекчиси Мээрим Осмоналиеванын кеңсесинде үй-бүлөнүн кем-карчына деп кыздын атасына берилди;

— 50 миң сом ага чейин кыздын атасына берилген;

— 100 миң сом — кыздын дарылануусуна жана керектүү каражаттарды алууга жумшалды;

— 513 миң 242 сом 98 тыйын кыздын окуусуна жумшалчу атайын эсепке которулду. Баарыңыздарга ыраазычылык билдиребиз», — деп билдирди Эркин Рыскулбеков.