8 атка тебеленип, кыймылдай албай калган улакчыга Рустам Тыналиев барды

Биздин бул жолку каарманыбыз Анур Жээнбек уулу. Ал мындан 6 ай мурда айылда улак тартыш ойноп жатып, аттардын тебелендисинде калып, катуу жаракат алганын айтат. “Ошондон бери төшөккө байланып калдым” деген ал чоң улакчылар менен жолугушууну кыялданарын айтат.

Ал «Чоң улакчылардын күйөрмандарымын. Рустам Тыналиев келип, ден соолугумду сураса, төшөктөн туруп кетчүдөй болом» деген болчу.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Рустам Тыналиевдин төшөктө жатканы улакчыга барганы, өзүнүн 10-номердеги футболкасын жана акчалай жардам бергени маалым болду.