Эртең, 8-июлда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен өткүн өтүп, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, башка райондордо жаан-чачын болбойт.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +14…+19, күндүз +26…+31,
Талас облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +22…+27,
Жалал-Абад, Ош Баткен облустарында түнкүсүн +15…+20, күндүз +29…+34,
Ысык-Көлдө түнкүсүн +9…+14, күндүз +21…+26,
Нарында түнкүсүн +8…+13, күндүз +21…+26,
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +15…+17, күндүз +28…+30 градус болот.