“8 жыл бою сексуалдык кулчулукта жүрдүм. Акча таппасак сутенёр сабачу” дейт 23 жаштагы кыз

Бул жолу биздин редакцияга  8 жыл бою дене сатып иштөөгө мажбур болгонун айтып 23 жаштагы кыз кайрылды. Ал жашоосунун акыркы 8 жылында сексуалдык кулчулукка кабылганын айтты. Биз анын аты-жөнүн купуя калтырууну туура көрдүк.

“14 жашымда токоч жасоочу ишканага жумушка кирүү үчүн айылдан борборго келгем. Мени жумушка киргизем деген убада менен чакырган Гүлзар аттуу айым алдап, сексуалдык кызмат көрсөтүү ишине аралаштырды. Ал мага мурда-кийин тийишпеген, күнөөсү жок эле жигиттерди мени зордуктады деп күнөө илип, милицияга арыз жазып, акча өндүрчү. Кийинчерээк көчөгө чыгарып, дене сатууга мажбурлады. Ал талап кылган каражат таппай келсем, сабачу” дейт мукактанган ал.

Эмнеге качып кеткен эмессиз?” деген сурообузга ал “Сутенёр качсам сиңдим менен апама зыянын тийгизерин айтып коркутчу, ошондуктан кача алган эмесмин” деди.

Каармандын жактоочусу Шердор Абдыкапаровбул окуя боюнча укук коргоо органдарына кайрылганы жатабыз. Ал эми жабырлануучу атаган Гүлзар аттуу айымдан жабыркагандар болсо, маселеңерди ачык айтып чыккыла” дейт.