Эртең, 8-октябрда түнкүсүн жана күндүз Ысык-Көл, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында, тоо этектеринде жаан жаап, тоолорго кар түшөт. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +6…+11, күндүз +20…+25,
Талас облусунда түнкүсүн 0…+5 күндүз +18…+23,
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +8…+13, күндүз +22…+27,
Баткен облусунда +7…+12, күндүз +22…+27,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +14…+19,
Нарында түнкүсүн 0…+5, күндүз +14…+19,
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +9…+11, күндүз +23…+25 градус болот.