Abank
SerepTV Logo

8-сентябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

8-сентябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең 8-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Ош, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +11…+16, күндүз +23…+28, Талас өрөөнүндө түнкүсүн +8…+13, күндүз +20…+25, Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +12…+17, күндүз +27…+32, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +19…+24, Нарын облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +20…+25. Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +13…+15, күндүз +26…+28 градус болот.